Уруштан каза болгон Маматназар Жакыпбаев ким эле? Өмүр баяны

Маматназар Жакыпбаев "Кыргыз Аэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Sputnik

Маматназар Жакыпбаев 2018-жылы 21-октябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде башка автоунааны артынан келип сүзүп алган. Милиция ал жердеги кер-мур айтыш урушка айланып кетип, Жакыпбаев бордюрга башы менен тийип каза болгонун кабарлаган.

Заместитель генерального директора госпредприятия "Кыргызаэронавигация" Маматназар Жакыпбаев

Ал 1959-жылы 16-августта туулуп, 2018-жылы 21-октябрда каза болгон.

Билими:

1976 – 1981 — Санкт-Петербург шаарындагы Ленинград электротехникалык байланыш институту;

Эмгек жолу:

1981 – 1982 — Бишкек шаарындагы республикалык шаарлар аралык телефон станциясында инженер;

1982 – 1985 — Ош телеграф-телефон станциясында инженер, ага инженер, цехтин жетекчиси;

1985 – 1993 — Өзгөн райондук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;

1993 – 1995 — Кыргыз-америка "Актел" биргелешкен ишканасынын директору;

1995 – 1996 — "Кристалл" заводунун директор орун басары;

1996 – 1997 — Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары;

1997 – 1999 — КР президентинин администрациясында мамлекеттик кызмат жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн инспектору;

1999 – 2004 — Таш-Көмүр шаарынын мэри;

2004 – 2008 — "Кыргызстан аба жолдоу" ААКтын кеңешчиси, Ош филиалынын директору, финансы директору;

2008 – 2009 — "Ош Эйр" ЖЧКсында кеңешчи;

2009 – 2010 — Мамлекеттик каттоо кызматында долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кеңешчиси;

2010 – 2011 — "Ош Эйр" ЖЧКсынын башкы директору;

2011 – 2013 — "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Дубайдагы башкы өкүлү;

2013 – 2018 — "Кыргыз Аэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.