БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев пикир келишпестиктен улам каза тапты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык милициядагы булактар билдирди.
Алардын айтымына караганда, калаадагы Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө кетип баратып, алдындагы автоунааны сүзүп алган. Аталган автокөлүктөн эки киши чыгып, жаакташуу урушка айланган. Окуя болжол менен 20:00дө болгон.
"Алар алгач, айтышып, андан соң мушташа кетишкен. Бизге жеткен азыркы маалыматтарга караганда, Жакыпбаев жол четиндеги бордюрга башы менен тийген", — деп айтып берген маалымат булагы.
Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барганда, Жакыпбаевдин автоунаасынын ичинде аялы болгон.