БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмияновду камоо боюнча токтом чыгарган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Кагаздагы маалыматка караганда, сот Илмияновду УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.
Андан сырткары, Илмиянов тергөө абагына жеткирилген күндөн тарта 48 сааттын ичинде анын кармалгандыгынын аныктыгын жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн сотко алып келиниши керектиги айтылган.
Илмияновду кайсы кылмыш иши боюнча камоо чечими чыккандыгы расмий айтыла элек. УКМКдан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.
Жеке булактардын маалыматы боюнча Илмияновго иш Кылмыш жаза кодексинин 313-1-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз аракети үчүн кызматтагы адамдын же эл аралык уюмдун жогорку кызматтагы адамынын пара алуусу) боюнча козголгон.