Ошто Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир топ иш-чаралар өтөт

Мааракеде кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп жана ат оюндары өткөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош — Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышындагы Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Иш-чаралар 2-3-ноябрь күндөрү өткөрүлмөкчү. Анын алкагында борбордук аянтта "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат. Боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл чарба жарманкеси өтөт.

Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Ал эми Улуттук драма театрында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынан Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин көргөзмөсү болмокчу.

Ошондой эле театрлаштырылган эскерүү кечеси уюштурулуп, анда жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан даректүү фильм көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Ош облустук ат майданында "Жаныбарым Гүлсары" аттуу улуттук көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш оюндары боюнча мелдештер уюштурулат. Ат оюндарынын финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот.