КСДП Икрамжан Илмиянов июнда каякка чыгып кеткенин айтты

Илмияновду УКМК издөөгө алды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Издөөгө алынган Икрамжан Илмиянов менен КСДП мүчөлөрү акыркы жолу качан байланышканын партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Илмиянов май айында ажылык сапарга кеткен болчу. Ал жактан кайтып келип, июнь айында апасын дарылатуу үчүн Москва шаарына алып кеткен. Биз аны менен акыркы жолу сүрөтчү Азамат Жаналиевге байланыштуу чуу чыкканда байланышканбыз. Ал дагы деле Москвада экенин айткан. Негизи Илмиянов президенттик шайлоодон кийин партиялык иштерден, саясаттан чарчаганын айтып, алыстай турганын билдирген", — деди Жолдубаева.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмияновду камоо боюнча токтом чыгарган.  Андан соң УКМК Илмияновдун Кыргызстандан ушул жылдын июнь айында чыгып кеткенин айтып, издөө жарыялады