Тизмеде башталгыч класстын мугалимдеринен тарта мектеп жетекчисинин орун басары, дене тарбиячысына чейин бар.
Кыргызстанда 2014-жылдан бери 5-октябрь мугалимдер күнү деп белгиленип калган. Токтомго премьер-министр кол койгон.
Ага чейин билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы ар кандай датага туш келип, октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Бирок 1994-жылы 5-октябрда Мугалимдердин дүйнөлүк күнү болуп бекитилгенден кийин 100дөн ашуун өлкөдө дал ушул күнү окутуучулар кесиптик майрамын белгилеп калган.