00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Окуучума арак сатканда жүрөгүм тилинет... Мугалимдер жайкысын кантип жан багат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДүкөндө ичкилик сатуу. Архив
Дүкөндө ичкилик сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл бою окуучуларды ар кыл илимге багыттаган мугалимдердин айрымдары жайкы каникулда кошумча киреше табуу үчүн ар кандай жумуштарда иштешет.

Кыргызстандык мугалимдин орточо маянасы — 13 824 сом. Бирок педагогдордун баары эле мындай сумманы ала беришпейт, көпчүлүгүнүн айлыгы 10 миң сомдон ашпайт.

Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң жаш мугалим: мектепке чыдаган адам башка ишти жөн эле алып кетет
Sputnik Кыргызстан агенттигинин бул материалында жарыбаган айлыкка наалып отура бербей жан үрөгөн мугалимдердин (ысымдары жашырылды) баяндары камтылды. Жайкы эмгек өргүүсүндө алар эс албастан, үй-бүлөсүн багуу үчүн эч бир иштен жийиркенбей мээнеттенишет.

Малканадагы иш. Биология мугалими

Орто жана жогорку класстарга биология жана химиядан сабак берем. Айылда турабыз, ал жакта маяна аз, маселен мен бардык кошумчасы менен 10 миң сом алам. Окуу жылы аяктаганда жолдошума малканада жардам берем. Уй союп, жиликтейбиз. Анан мен базарга чыгып сатам.

Базарда иштөө мага абдан ыңгайсыз — окуучуларымдын өздөрүн же ата-энелерин көрөм. Андай кезде жердин түбүнө кирип кетким келет! Эжей болуп туруп базарда соода кылам. Бирок башка арга жок, андан бөлөк иш таба албайм. Пенсияга чыгаар маалга чейин эмне болуп кетерин ким билет, бирок бир маянага балдардын курсагын тойгуза албасымды жакшы түшүнөм.

Пол жуугуч. Орус тили мугалиминин турмушунан

Мектеп мугалимдери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдердин пенсиясы 10 миң сомго чейин көтөрүлүшү ыктымал
Жайкысын Кыргызстандын мыкты аталган пансионаттарынын полун жууйм, унитаздарын тазалайм, шейшептерин алмаштырып, сүлгүлөрүн жууйм. Укмуш ийгиликтүү жана келечектүү иш таба албаганымдан уялбайм. Күзүндө кайрадан орус тили мугалимине айланам. Азырынча унчукпастан, чайпулга берешен бай эс алуучулардын көлөкөсүндө иштеп турам. Мында бир сезондо мектептеги бир жылдык маянамды таап алам. Ушул тапканым менен балдарымды жогорку окуу жайларында окутуп жатам. Кимдир бирөө келип бул абалымды өзгөртүп жиберет деп күтпөйм. Өзүмө гана ишенишим керектигин так билем.

Сатуучу. Физиктин баяны

Окуу жылында деле сабактан кийин азык-түлүк дүкөнүндө кошумча иштейм. Мектепте Архимед мыйзамдарын окутуп, формулаларда сүрүлүү күчүн көрсөтсөм, дүкөндө мага жөн гана "эже" деп кайрылып, колбасадан тилим кесип, арзан арак берүүмдү өтүнүшөт.

Мектепти аяктаганына аз эле болгон жаш балдар ичимдик алууга келгенде жүрөгүм тилинет. Мени көргөндө жүздөрү кызарат, бирок арак ичкендерине эмес, мугалими аларга ичимдик сатып жатканынан уялышат.

Шыбакчы. Башталгыч класс мугалиминин турмушунан

Сабак өтүп жаткан мугалимдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кетпечи, Дүйшөн!.. Түп көтөрүлө агай издеген айылдаштар
25-майдагы акыркы коңгуроодон кийин да дээрлик сентябрга чейин мектептен кетпейм. Уулдарымды жаңы окуу жылына камдоо үчүн мектептин ремонту менен алек болом: актайм, парталарды сырдайм, дубалдарды шыбайм. Баарын өзүм жасайм. Балдар таенесиникинде же лагерде эс алышат. Жолдошум жок, ошондуктан, бардык жүк өз мойнумда. Жайындагы кара жумушка да, башталгыч класстын окуучулары менен болгон ызы-чууга да кайыл боло эч качан наалыбайм. Анын кимге пайдасы бар?..

Ата-энелер мектептин ремонтун жасарымды билишет. Балким, мени аяшар, бирок мен андай мамиледен, көз караштан абдан жаман болом. Окуу жылында айына 11 миң сом алсам, шыбак иштеринен бир нече жаңыртылган класс үчүн 20 миң сом табам.

Жаңылыктар түрмөгү
0