Дене тарбиячы, физик, информатик. Бишкектин ажарлуу мугалимдери сүрөттө
Дене тарбиячы, физик, информатик. Бишкектин ажарлуу мугалимдери сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги мектептердин жаш, ажарлуу окутуучуларынын айрымдарынын сүрөтүн сунуштайт. 07.10.2018, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2014-жылдан бери 5-октябрь мугалимдер күнү деп белгиленип калган. Токтомго премьер-министр кол койгон.
Ага чейин билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы ар кандай датага туш келип, октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Бирок 1994-жылы 5-октябрда Мугалимдердин дүйнөлүк күнү болуп бекитилгенден кийин 100дөн ашуун өлкөдө дал ушул күнү окутуучулар кесиптик майрамын белгилеп калган.
Альбина Арстанбек кызы. №10 мектепте башталгыч класстын мугалими. 23 жашта. Мектепте 2015-жылдан тарта эмгектенип келет. Жакында эле турмушка чыккан окутуучу учурда кош бойлуу. Былтыркы жылы ал интернет булактары уюштурган мугалимдер сулуулук сынагында баш байгенин жеңип алган.
Каухар Исмаилова. №41 мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берет. Тарбия иштери боюнча директордун орун басары. 27 жашта. Мугалимдик кесибин Бишкек гуманитардык окуу жайынан баштаган. №41 мектепте эмгектенип жатканына алты жыл болду. Турмушка чыга элек.
Ангелина Поцепун. №27 мектепте информатика сабагынан билим берет. Ал үч жыл мектепте жетекчинин катчысы болуп иштеп, андан соң информатикадан сабак бере баштаган. Учурда тарбия иштери боюнча директордун орун басары.
Марина Печенихина. №29 мектепте дене тарбиячы. 43 жашта, бир баланын энеси. Баскетбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери, эл аралык SIBA категориясынын судьясы. Белгилүү актриса Даркүл Күйүкованын небереси.
Александра Кочеткова. №15 мектепте башталгыч класстын мугалими. Билим берүү жаатында алты жылдан бери иштейт. 25 жашта. Кочеткова балдар менен иштөө ага абдан жагарын баса белгиледи.
Насият Жолдошбек кызы. №7 мектепте физика сабагынын мугалими. Окуу бөлүмүнүн башчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн, учурда министрликтин чечимин күтүп жатканын айтты. 27 жашта, турмушка чыга элек.