Ошто өзгөчө коркунучтуу кылмышкер изделүүдө. Шаар четиндеги талаа курчалды

Шектүү милиция кызматкерин бир нече метрге унаасы менен сүйрөп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Милиция Оштун чет жакасындагы талааны курчоого алып, оор кылмыштарга шектелген Жылдызбек Бекмурзаевди издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди. 

Анын айтымына караганда, бүгүн, 20-сентябрда милиция кызматкерлери Mercedes үлгүсүндөгү унаанын ичинде Бекмурзаевге окшош адам отурганын байкап, текшерип көрүүнү чечишкен. 

Разыскиваемый Жылдызбек Бекмурзаев

“Укук коргоочулар унаанын жанына келгенде ок атуучу куралга окшош нерсени байкашкан. Милиционер машинанын текшерейин дегенде айдоочу газды басып аны бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Кийин шектүү жүгөрү талаасына жашынып калгандыктан, аймак курчоого алынды”, — деди агенттиктин маектеши. 

Нарматовдун үйүн тоноп, дагы башкасын жасады делген кишинин сурагы. Видео
Учурда жеринде Ош ОИИБинин кызматкерлери иштеп жатат.

Жылдызбек Бекмурзаев 1986-жылы туулган. Зордуктоо, уурулук боюнча бир нече ирет соттолгон. Оор кылмыштарды жасоого айыпталып издөө жарыяланган. 2017-жылдын июль айында ал Казакстандын Костанай шаарында кармалган. Кыргызстандын ИИМи аны экстрадициялоону сураган, бирок казак тарап чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн жарым жылга камап койгон. Бекмурзаев колониядан качып чыгып, ИИМдин версиясы боюнча жаңы кылмыштуу топ түзгөн.