Радио

Давлетбаев: ишкерлердин ай сайын отчет берип турушу иш жүзүндө оор

Көз карандысыз серепчи Жанабил Давлетбаев патент системасы менен иштеген ишкерлердин ай сайын отчет берип туруусу боюнча мыйзам долбоору сунушталууга даярдалып жатканын айтты.
Sputnik
Давлетбаев: ишкерлердин ай сайын отчет берип турушу иш жүзүндө оор

Ишкерлердин ай сайын отчет берип турушу иш жүзүндө оор болот. Бул тууралуу Жанабил Давлетбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер үчүн ай сайын отчет берип туруу ыңгайсыз жана бул мыйзам долбоору колдоого алынбашы керек.

"Патент менен иштеген ишкерлердин ай сайын отчет берүүсү тууралуу мыйзам долбоору сунушталып жатат. Эгер мыйзам долбоору жактырылып, иш-жүзүнө ашып калса жеке ишкерлер үчүн абдан ыңгайсыз жагдай түзүлөт. Анткени жеке ишкерлер салык төлөмү менен бирге эле ай сайын өкмөткө канча каражат алганы, кантип эсептелгени сыяктуу маалыматтарды кагаз түрүндө тапшырууга туура келет. Биринчиден бул нерсени иш-жүзүндө аткаруу оор, экинчиден мындай мыйзам долбоордун эч кимге кереги жок", — деди Давлетбаев.

Ал сунушталып жаткан мыйзамга карата жарандар депутаттарга пикирин билдирсе боло турганын кошумчалады.