БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандык 28 жаштагы самбочу Бекзат Жаныбеков бычакталып, алган жаракатынан улам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Самбо федерациясынын Жалал-Абаддагы президенти Нурбек Самудинов тастыктады.
Самудиновдун айтымында, Жаныбеков 3-август күнү каза таап, эртеси жерге берилген.
Окуяга балдар ортосунда чыккан чыр чатак себеп болгонун айтат.
"Бекзат өзү Сузактан, Бишкекте такси айдап иштечү. Кырсык болгон күнү борбордогу Кулиев көчөсүндө жердеш балдары менен сөз талаша кетип, үчөөнү уруп коет. Анан беркилер жалгыз баланы бычактап салышкан экен. Бычак оң капталына сайылган, кыязы өпкөсүн тешип кетсе керек", — деди Самудинов.
Бишкек ШИИБ бул боюнча маалыматты тастыктады. Мааламатка ылайык, 3-сентябрда борбордогу Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде балдар мушташып, натыйжада 28 жаштагы Бекзат Жаныбеков төш жагына учтуу нерседен жаракат алып, ооруканадан каза тапкан. Бүгүн, 6-сентябрда кылмышка шектелип 33 жаштагы А.Б аттуу жаран кармалып, 104-берене (адамдын ден соолугуна атайылап залака тийгизүү) боюнча кылмыш иши козголду.