Тайпалык оюндарда "Бакубат Талас" жана "Алыкул" командалары кез келген. Беттештин 14-мүнөтүндө "Бакубат Таластын" оюнчусу Астаркул Табышов чабуулга чыгып, катуу ылдамдык менен барып улакты тай казанга ыргыткан. Бирок ошол эле маалда артынан кууп келген атаандашы Алмаз Жапаев "Бөлтүрүк" аттуу аргымагы менен тайказандан секирип өтүп улакты тээп чыгарып салган. Натыйжада салым эсептелбей калды. Бирок "Бакубат Талас" 6:0 эсеби менен жеңип алган.
Мелдештин жыйынтыгына ылайык, Таластын "Бакубат Талас" менен Ысык-Көлдүн "Толкун" командасы суурулуп чыгып президенттин кубогу үчүн күч сынашмай болду. Финалдык беттеш 30-августта өтөт.
Көк бөрү оюнунун тарыхы, эрежеси жана кызыктуу фактылар тууралуу билгиңиз келсе инфографикадан караңыздар.