Арыз уксам, бир мүнөттө кетесиңер! Ош мэринин дарыгерлерди сындаган видеосу

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев коллегиялык жыйында сүйлөп жатып медицина кызматкерлерин катуу сынга алды.
Sputnik

Ал өкмөттүн өкүлү болуп иштеп турганда облустук оорукананы текшергени барып бир топ таң калычтуу окуяларга күбө болгонун мисал келтирип, шаардык оорукананын жетекчисине эскертүү берди.

"30-40 жыл дарыгер болуп иштегендердин бөлмөсүнө кирсең, бир терезесин алмаштырып койгон эмес. Акыбалы түрмөдөн бетер начар. Кайсы бөлүм канча акча алып келет экен деп үмүт кылбай жөн иштегиле. Тапкан акчаңарга ооруканаңарды оңдогула, мамлекеттен бөлүнгөн акчаны максаттуу пайдалангыла. Үстүңөрдөн бир сөз уга турган болсом, бир мүнөттө кетесиңер", — деди Сарыбашев.

Мындан сырткары, ал ушуга окшогон коррупциялык иштердин айынан элдин бийликке болгон ишеними кетип, кайсы жерге барба нааразы болгондор көп экенин белгиледи.

Жаңы мэрдин убадасы: Ошто домофонсуз үй калбайт, мугалимдердин айлыгы көбөйөт
"Мурда облустук ооруканага барып текшерип жатсам, сыртта бирөө баласына операция жасата турган аялдан 30 миң сурап, канын ичип жатат. Карсаң базарда мал союп жаткансып баалашат. Азыр шаардык оорукананы көрө элекмин, бирок ал жакта да ушундай окуялар болушу мүмкүн. Оорукана силерге отуруп алып акча таба турган жай эмес, акча керек болсо бизнеске баргыла. Ооруган адамдарга "мынча акча бер, болбосо өлүп кал" дегендей болбош керек. Андан көрө жакшы сүйлөп, жакшы дарылап койсоңор өзү да ыраазычылыгын айтат", — деди калаа башчысы.

Ошондой эле Сарыбашев президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракетине катардагы кызматкер да сырттан карап турбашы керектигин кошумчалады.