Долондон канаты кайрылды… Дүйшөн Байдөбөтов дүйнө салды

Таланттуу инсан көптөн бери ооруп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, таланттуу актер Дүйшөнбек Байдөбөтов дүйнө салганын театрдагы кесиптештери билдирди.

Актер 69 жашта болчу. Мындан үч жыл мурун инсульт дартына кабылган.

Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү кайда качан коюлары айтылды
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаировдун айтымында, Дүйшөнбек Байдөбөтов чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген.

Байдөбөтов "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун аткарган. 

Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.