БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун тажыясы 9-июлда өтүп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Үч-эмчек айлында жерге берилет. Бул тууралуу кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров билдирди.
Эскерте кетсек, улуу инсан 7-июль күнү узакка созулган оорудан кийин 69 жашында дүйнө салган.
Мендебаировдун айтымында, маркумдун зыйнатын кичи мекенинде өткөрүү үй-бүлөсү жана жакындарынын чечими болгон.
Сөөк саат 10.00дө чыгарылат.