Тышкы карызды саясатташтыруу туура эмес экендигин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде тышкы карыз тууралуу маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдүн карызы Кыргызстандыкынан алда канча көп.
"Кээ бир саясатчылар тышкы карызды саясатташтырып, өзүн пиар кылгысы келип жатат. Бул элдин маанайын түшүрүүдө. Мен бул аракеттерди колдой албайм. Негизи насыяны бардык эле мамлекеттер алат. Эң бай деген АКШнын карызы трилиондон ашат. Ой жүгүртүүнү өзгөртүшүбүз керек. Жарандарыбыздын тышкы карызга кайдыгер карабаганы кубандырат. Ушул мага чоң үмүт берүүдө", — деди Жекшенкулов.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 миллиард долларга жеткен.