Роналдунун жалгыз голу Португалияны жеңишке жеткирди

Португалия менен Марокко B тайпасында.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатта Португалия менен Марокконун курама командалары беттешип, Португалия 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Оюндун башталышында эле Криштиану Роналду эсепти ачты. 

Футбол. ЧМ-2018. Матч Португалия - Марокко

Белгилей кетсек, Португалия менен Марокко B тайпасында. Беттеш Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өткөн. Дал ушул аянтта футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы болгон. Иш-чаранын жабылуу аземи да ушул жерде өтөт.