Капитаны мыкты экен! Англия футбол чемпионатында Тунисти утуп алды

Англиянын курама командасынын капитаны эсепти ачып жана жыйынтыктаган голду киргизди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн.— Sputnik. Англиянын курама командасы тунистик атаандаштарын Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2:1 эсеби менен жеңип алды. 

Оюн Волгоград шаарында өттү. 

1 / 3
Англиянын курама командасы тунистик атаандаштарын Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2:1 эсеби менен жеңип алды.
2 / 3
35-мүнөттө Фержани Сасси пенальти менен упайларды теңдеди.
3 / 3
Эсепти экинчи тобу менен ошол эле Кейн жаңыртып, командасына жеңишти алып келип берди. Ошентип, анын башы менен сүзүп киргизген голу тагдырды чечти.

Беттештин 11-мүнөтүндө Англиянын курама командасынын чабуулчусу менен капитаны Харри Кейн эсепти ачса, ал эми 35-мүнөттө атаандаш команданын өкүлү Фержани Сасси пенальти менен упайларды теңдеди. Теңтайлашкан оюн экинчи таймдын кошумча убактысына чейин уланды. Эсепти экинчи тобу менен ошол эле Кейн жаңыртып, командасына жеңишти алып келип берди. Ошентип анын башы менен сүзүп киргизген голу тагдырды чечти.

Бир нече саат мурда Бельгиянын курама командасы Панаманын командасын 3:0 эсеби менен жеңип алган