Шаардагы лифттердин 85 пайызынын эксплуатациялык мөөнөтү аяктады

Жыйында "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2017-жылы жасаган иштеринин жыйынтыктары жана 2018-жылга карата пландары талкууланды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек шаары боюнча муниципалдык менчик реестринде 729 лифт катталган болсо, анын 620сынын эксплуатациялык мөөнөтү (25 жыл) аяктаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, учурда "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын карамагында 52 диспетчердик бөлүм бар. Анда 181 кызматкер эмгектенет.

Бишкек шаардык кеңештин жыйынында "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2017-жылы жасаган иштеринин жыйынтыктары жана 2018-жылга карата пландары талкууланды.