Тоңуп өлгөн окуучулар, милиционердин үйүндө жашаган ууру. 90-жылдардагы кылмыштар

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда май айында чыккан гезиттерди барактап, ошол учурдагы төбө чачты тик тургузган окуяларды сунуштайт.
Sputnik

Бул ирет 55 жаштагы аялды зордуктап, анын үйүн "тазалап" кеткен кылмышкерлер жөнүндө сөз болуп, эки автомат, үч тапанчаны жула качкандардын былыктары тизмектелет.

Уурдалган 640 килограмм бытыра

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Кылмышкерлер Чүйдөгү шарап комбинатынын кампасына чатыры аркылуу кирип 14 мылтык, 20 килограммдык ок-дары алып кетишкен. Андан сырткары, 640 килограмм бытыраны ташып кетүүгө үлгүргөн.

Түрмөдөн качкан бийкеч

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Беш жылга кесилип кеткен 22 жаштагы кыз түрмөдөн качып чыгып, андан кийин да жөн жүрбөй алдамчылык менен күн көрө баштаган. Базардан соодагерлерди таап, жок продукциясы үчүн далайларды алдап акча алып, из жашырып жүргөн кезинде кайра укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөн.

Төртөөлөп зордуктап…

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Айылда жалгыз бой жашаган 55 жаштагы аялдын үйүнө төрт эркек кирип зордуктап салышкан. Анысы аз келгенсип, окуя болгон жерден жөн кетпей жабарлануучунун килем, шырдагын, тигүүчү машинасын да көтөрүп кетүүгө жетишкен.

Курчоого алынган Бишкек

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Түн ортосунда эки шектүү борбор калаадагы күзөт мекемелеринин бирине кирип, ал жактагы кызматкерлерди сабап салышкан. Жабырлануучулардын колу-бутун байлап эки Калашников автоматын, үч тапанчасын тартып алып таптырбай кетишкен. Коомдук тартип үчүн коркунуч жараткан окуядан соң бардык күч түзүмдөрү кызматка тартылып, шаар курчоого алынган. Кылмышкерлер эртеси гана курал-жарагы менен кошо колго түшүрүлгөн.

Милиционерлердин айласын кетирген каракчы

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Элүүдөн ашык талап-тоноочулукка тиешеси бар деп кармалган жаш жигит убактылуу кармоочу жайда тергөөчүлөргө карматпай качып кетет. Кызыгы, ал милиция кызматкеринин тилин таап, ошонун үйүндө баш калкалаган. Андан сырткары, тапанчасын көтөрүп алып көнгөн кылыктарын кайра жасап жүргөн жеринен кармалган.

Тоо башында каза болгон окуучулар

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Мектеп окуучулары тоого ышкын тергени чыгып, ал жактан эки өспүрүм көз жумган. Жеңил кийинип алган балдар тоого чыкканда жаан карга айлынып, аба ырайы кескин бузулуп кеткен. Ал эми үчүнчү бала чыйрактыгынан гана аман калган.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги май айындагы чуулгандуу соттук чечимдерди жарыялаган.