Бишкектеги мотоциклчендер парады. Кан басымды көтөргөн сүрөттөр

Sputnik

Ачылыш аземге 300дөй мотоциклчен катышты. Байкерлер адамдын "кан басымын" көтөргөн трюктарды көрсөтүп, каалоочурларды мотоцикл тептиришти.

Баарынан дагы жүздөгөн байкерлердин шаардын борбордук көчөлөрүнөн жүрүшү кызыктуу болду. Тартип сакчылары коштоп жүргөн жүздөгөн мотоцикчи өтүп кетсин деп айрым көчөлөр бир аз убакытка унаалар үчүн жабылды.

1 / 13
21-апрель күнү мотосезондун расмий ачылышы болду
2 / 13
Иш-чара Бишкектин 140 жылдыгына арналды
3 / 13
Мото жүрүшкө 300дөй адам катышты
4 / 13
Жүргүнчүлөр үчүн көз жоосун алган шоу көрсөтүлдү
5 / 13
Фрунзе көчөсүнүн Жеңиш аянтынын жанындагы бөлүгү мотошоу өтчү жайга айланып калганына бир нече жыл болду
6 / 13
Аянтка чогулган байкерлер ар кандай оюндарды көрсөтүштү
7 / 13
Кесипкөйлөр менен бирге мотоцикл тепкиси келгендердин каалоосу ишке ашты
8 / 13
Баарынан дагы жүздөгөн байкерлердин шаардын борбордук көчөлөрүнөн өтүшү кызыктуу болду
9 / 13
Аларды жолдо тартип сакчылары коштоп жүрдү
10 / 13
Иш-чарага Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген байкерлер катышты
11 / 13
Ачылыш аземин Кыргызстандын мотоциклчендер коому жана шаар мэриясы уюштурду
12 / 13
Жыл сайын өткөрүлчү бул иш-чаранын негизги максаты — мотоциклчендердин коопсуздугуна көңүл бурдуруу жана спорттун бул түрүн жайылтуу
13 / 13
Айрым трюктарды карасаң "кан басымың" көтөрүлүп кетчүдөй болот