Атамбаев менен жолугушууга КСДПнын кайсы депутаты келген жок. Жыйындын сүрөттөрү

Кеңеште партиянын келерки парламенттик шайлоого даярдыгы талкууланган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстан социал-демократтар партиясынын катчылыгы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусунун сүрөттөрүн жарыялады.

Мурунку өлкө башчы менен жолугушууга фракция лидери Иса Өмүркулов, ЖК төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Айнуру Алтыбаева, Марат АманкуловДастан БекешевРыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов, Бакытбек Жетигенов, Элвира Сурабалдиева, Евгения Строкова, Альфия Самигулина, Автандил Кулбараков, Сайдолимжон Жураев, Мухтарбек Айнакулов келген.

1 / 3
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын катчылыгы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусунун сүрөттөрүн жарыялады.
2 / 3
Мурунку өлкө башчы менен жолугушууга фракция лидери Иса Өмүркулов, ЖК төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Айнуру Алтыбаева, Марат Аманкулов, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов, Бакытбек Жетигенов, Элвира Сурабалдиева, Евгения Строкова, Альфия Самигулина, Автандил Кулбараков, Сайдолимжон Жураев, Мухтарбек Айнакулов келген.
3 / 3
Мындан тышкары, сүрөттөн УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Дамир Мусакеев, Фарид Ниязов жана Алмаз Усеновду көрүүгө болот.

Мындан тышкары, сүрөттөн УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Дамир Мусакеев, Фарид Ниязов жана Алмаз Усеновду көрүүгө болот.

Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолуккан Атамбаев эмне тууралуу сүйлөштү
Фракция депутаттарынын ичинен кеңешке Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, Жылдыз Мусабекова, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Нодирбек Каримов, Канатбек Керезбеков, Осмонбек Артыкбаев, Илхом Маннанов, Данияр Аттокуров, Музаффар Исаков, Искендер Матраимов, Гүлкан Молдобекова, Абдывахап Нурбаев, Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Улан Примов, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиевдин жок экени байкалат.

Буга чейин жыйында негизинен партиянын келерки парламенттик шайлоого даярдыгы тууралуу сөз болгонун иш-чарага катышкан Рыскелди Момбеков айтып берген.