Осмонова Айнура Шермаматовна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКОсмонова Айнура Шермаматовна
Осмонова Айнура Шермаматовна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

Билими:

1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик университетинин эсептөө-экономикалык факультетинен "экономика соодасы" адистигине ээ болгон;

1999-2000 — Кыргызстандагы Эл аралык университетинин юридика факультети, "юриспруденция" адистиги;

Эмгек жолу:

1994 — Жалал-Абад шаарындагы "Кыргызстан" АКБнын башкы дирекциясында кредиттик саясаттын башкы адиси;

1998 — Жалал-Абад шаарындагы "Кыргызстан" АКБнын башкы дирекциясында баалуу кагаздар жана банк ресурсу боюнча бөлүмдүн башкы адиси;

1999 — "Акционердик Интернешнл Бизнес Банк", кардарлар менен иштөө адиси;

2000 — Жалал-Абад шаарындагы "Ысык-Көл" АКБ инвестициялык банкынын филиалынын кредиттик бөлүмдүн жетекчи орун басары;

2001 — "ЭкоБанк" банкынын "Эко-Жалал-Абад" филиалынын башкаруучусу;

2008 — "ЭкоИсламикБанк" ААКтын башкаруучулугунун мүчөсү, "Жалал-Абад" шаарындагы филиалынын башчысы;

2011 — "ЭкоИсламикБанк" ААКтын башкаруучулугунун түштүк бөлүмү боюнча орун басары;

2013 — "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын филиалынын башчысы;

2014 — "ЭкоИсламикБанк" банкынын "Жалал-Абад" ЖАКтын филиалынын башчысы.

2017-жылы 8-февралда Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП партиясынан депутат. "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директорлугуна дайындалган Искендер Кадыркуловдун ордуна келген.

Башка маалыматтар:

Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты;

Жалал-Абад шаарынын ардактуу жараны;

Сыйлыктары:

Жалал-Абад шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин жана Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

2010 — "Жылдын мыкты банкири" диплому;

2012-жылы КР Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0