Бишкекте окуучулар 140 уя жасап, чымчыктарды үйлүү кылды. Сүрөт

Чымчыктын уясын бакка мык менен кадаганга болбойт. Бул даракка зыян.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik.  Борбор калаанын Октябрь районунун мектеп окуучулары бүгүн "Ата түрк" паркына чымчыктын өз колдору менен жасаган 140 уясын илди. Акция борбор калаанын 140 жылдык мааракесине арналгандыгын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 3
Борбор калаанын Октябрь районунун мектеп окуучулары бүгүн "Ата түрк" паркына чымчыктын өз колдору менен жасаган 140 уясын илди
2 / 3
Акция борбор калаанын 140 жылдык мааракесине арналган
3 / 3
Бүгүнкү ишембиликтин алкагында балдардын бий флешмобун да өттү.

Бүгүнкү ишембиликтин алкагында балдардын бий флешмобун да өттү.

"Балдар менен биргеликте уяны бактарга илүү ишине мэрия кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, чымчыктын уясын бакка мык менен кадаганга болгойт. Мындай учурда даракка зыян болот.  Андыктан, жип же зым менен байлап, канаттуу кире турган оюкту чыгыш тарапты каратып коюу керек. Бул ыкма бак-дарактарды мите курттардан сактап, шаарда канаттууларлын көбөйүшүнө шарт түзөт.