БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Хакерлер YouTube каналындагы эң көп көрүлгөн Луиса Фонси жана Дэдди Янки аттуу ырчылардын "Despacito" ырын өчүрүп салышты. Бул тууралуу ВВС News маалымдады.
Бир нече күн мурун эле аталган музыкалык клип беш миллиард жолу көрүлүп, тизменин сап башында турган.
Басылманын маалыматына ылайык, өздөрүн Prosox and Kuroiʼsh деп атаган хакерлик топ YouTube сервисиндеги Vevо музыкалык каналына чабуул жасаган. Анда эң популярдуу клипти беткап кийип, курал көтөргөн белгисиз адамдардын видеосу менен алмаштырып коюшкан. Роликтин алдында "Палестинаны бошоткула" деген жазууну көрүүгө болот.
Белгилүү болгондой хакерлер мындан тышкары Шакира, Селена Гомес, Дрейк жана Тейлор Свифт сыяктуу ырчылардын да клиптерин өчүрүп салган.
Эске салсак, "Despacito" ырына тартылган Луиса Фонси жана Дэдди Янкинин клиби YouTube каналына 2017-жылы январь айында жарыяланган.