Казакстанда оттой албай калган бөкөндөр кырылып жатат

Токойчулар аларга колдон чөп бергенге аракет кылганы менен жапайы жаныбарлар жакын жолобой жатышканын айтып беришкен
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Батыш Казакстанда бөкөндөр кырылып жатканын Sputnik Казакстан "Мой город" порталына шилтеме кылып кабарлады. 

Маалыматта 21-22-мартта Акжайык районунун Чапаев айылында күндүн көзү бузулуп, талаа кийиктери — бөкөндөр катаал аба ырайына кабылгандыгы айтылат.

"Күн алгач тез жылып, андан соң кескин сууктап кеткендиктен кардын үстү тоңуп, бөкөндөр оттой албай калган. Эки күн ичинде жети баш сайгак кырылып калды", — деген токой жана мал чарба боюнча инспекциясынын аймактык жетекчиси Кайрат Катешев.

Жер бетиндеги ак кериктин жалгыз эркеги өлүп калды. Сүрөттөр
Токойчулар аларга колдон чөп бергенге аракет кылганы менен жапайы жаныбарлар жакын жолобой койгон.

"Мындан сырткары, аймактардагы камыштарга чейинки жалгыз аяк жолдор тапталып, даярдалды. Азыр алар ошол аймакты паанектеп, оттоп жүрүшөт", — деп кошумчалады Катешев.

Порталдын маалыматына караганда облуста жүз миңге чукул бөкөн бар. Алар негизинен Бокей ордо, Казталов жана Жангалин райондорун байырлайт.