Кемероводогу кырсыктан улам 28-март Россияда аза күнү деп жарыяланды

Шаршемби күнү Россиянын бардык аймактарында мамлекеттик туу түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулат
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Адам өмүрүн алган Кемероводогу өрт кырсыгынан улам 28-март Россияда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылат.

Өрт чыкканда эмне кылуу керек? Жардам берчү 8 кеңеш
Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду. Ага ылайык, шершемби күнү өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик туу түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулат.

"Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби күнү өрт чыгып, очогу бир нече кинозал менен балдар аянтчалары иштеген жогорку кабатта жайгашканы айтылган. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и — балдар экени айтылды.