Ал бул тармакта Талас, Баткен облустары башка аймактарга караганда бир топ артта калып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Биринчи орунда албетте Ысык-Көл облусу, бирок бул аймакта көйгөйлөр да жок эмес. Нарын аймагы да соңку жылдары активдүү баратат. Ош облусуна туристтердин кызыгуусу артууда. Жалал-Абаддын да көрсөткүчү орточо десек болот. Ал эми Баткен менен Талас облустары туризм тармагында артта калууда. Бул облустарда туристтик компаниялар, мейманканалар дээрлик жок", — деди Жаманкулов.
Ал ошондой эле, аймактардагы туризмди өнүктүрүү үчүн, туристтик жайларга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.