Кыргызстандык жаран Анжианда айдоочуну өлтүрүүгө шектелүүдө

Укук коргоо органдары тарабынан кармалгандардын бири Ош облусунун тургуну
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Анжиандагы суу каналга түшүп кеткен Daewoo Nexia машинасынын ичинен айдоочунун сөөгү табылганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Бишкекте бычакталган аялдын өлүмүнө шектелип бир келин кармалды
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, маркум кыйнап өлтүрүлгөн.

Каза болгон жарандын тууганы ал ишке кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүү катары Бештол айылынын 24 жаштагы тургуну менен Ош облусунун 23 жаштагы жашоочусун кармаган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.