Си Цзиньпин Кытай жетекчилигине дагы беш жылга шайланды

Си Цзиньпин Кытайдын төрагалыгына 2013-жылдын март айында келген
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кытайдын эл өкүлдөр жыйыны Си Цзиньпинди Кытайдын төрагалыгына дагы беш жылга шайлады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Мамлекет башчысын шайлоо ишемби күнү Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи сессиясынын пленардык отурумунда жашыруун добуш берүү өттү. Катышып отурган 2970 депутат анын талапкерлигин бир добуштан колдогон.

Си Цзиньпин Кытайдын төрагалыгына 2013-жылдын март айында аталган жыйындын 12-чакырылышындагы депутаттары тарабынан шайланган.

Путин эч кимге таанылбай Москваны кыдырган. Ал өзү жөнүндө жаңы фактыларды айтып берди
Мындан сырткары, Си Цзиньпин Кытайдын борбордук аскердик кеңешинин төрагалыгына да бекиди. Бул ага партиялык, аскердик жана мамлекеттик жетекчиликтин кош тизгинин карматат.

Анын орун басарлыгына Кытайдын компартиясынын коррупцияга каршы органынын мурдагы катчысы Ван Цишань шайланды.

Кытайдын борбордук телеканалы Си Цзиньпиндин кайрадан жетекчилик орунга отурушу боюнча башка мамлекеттердин жетекчилери тарабынан куттуктоолор келип түшкөнүн байма бай берүүдө.

Кытай Эл Республикасынын төрагалык кызматы Баш мыйзамга ылайык 1954-жылы түптөлүп, бирок 1957-жылы жоюлган. 1982-жылы калыбына келтирилген. 2018-жылдын 11-мартына чейин мыйзам боюнча Кытайдын төрагасы беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алчу. Бирок бул чакырылыштагы парламент кезектеги сессиясында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, ыйгарым укуктардын бир мөөнөтүн кыскартты.