БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Сирияда кырсыктаган учакка байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
6-март күнү Сириянын Хмейми аэродромунда Россиянын Ан-26 үлгүсүндөгү учагы кырсыктаган.
"Сирияда Ан-26 учагынын кырсыкташын оор кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп өлкө башчынын телеграммасында айтылат.
Аба кеме учуп-конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге урунган.