Сооронбай Жээнбеков Путинге Сирияда кырсыктаган учакка байланыштуу көңүл айтты

Жазылуу
Аба кеме учуп-конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге урунган

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Сирияда кырсыктаган учакка байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

6-март күнү Сириянын Хмейми аэродромунда Россиянын Ан-26 үлгүсүндөгү учагы кырсыктаган.

"Сирияда Ан-26 учагынын кырсыкташын оор кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп өлкө башчынын телеграммасында айтылат.

Аба кеме учуп-конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге урунган.

Жаңылыктар түрмөгү
0