Жээнбеков кимди жумуштан алып кимди кызматка койду. 100 күндө өзгөргөн команда

Үч айдан ашуун убакыт ичинде президенттин аппарат жетекчиси, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Коррупцияга каршы кызматтын төрагасы алмашты. Sputnik Кыргызстан Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына саресеп салып көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 3-март күнү Сооронбай Жээнбековдун президенттикти аркалаганына 100 күн толду. Бул мезгил аралыгында өлкө башчы бир катар сапарга чыгып, билдирүүлөрдү жасап, кадрдык өзгөрүүлөрдү ишке ашырды.

Жаңы дайындоолордун акыркысы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчилигине келген Данияр Сыдыков болду.

Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкө башчы дагы кандай кадрдык өзгөртүүлөрдү жасаганын эстеди.

Президент кимди кызматка коюуга укуктуу

Ажолукка 100 күн. Сооронбай Жээнбеков эмнелерге үлгүрдү
Баш мыйзамдын 1-декабрда күчүнө кирген өзгөртүүлөрүнө карабастан президент мурдагыдай эле бир топ укукка ээ болуп, жогорку даражалуу аткаминерлерди кызматка кое алат. Алардын катарында аппараттын кызматкерлери эле эмес, Улуттук банк, Генералдык штаб, улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттер, Мамлекеттик кадр кызматынын жана башка бир катар ведомстволордун жетекчилери бар. Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаев дайындаган жетекчилердин көпчүлүгү кызматта калды. Бирок ага карабастан бир катар дайындоолор болду. Жээнбеков 24-ноябрдан тарта президенттик тизгинди колго алган. Биздин эсепке өкмөт башчы сунуштаган дайындоолор менен кызматтан алынгандар кирген жок.

Фарид Ниязов

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов

Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Алмазбек Усенов 11-декабрь күнү өз ыктыяры менен кызматынан кетип, анын ордуна Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов келди. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин да аппаратын башкарып келгенин айта кетүү керек. 26-февралда Ниязов жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жээнбеков кабыл алган эмес.

Алмамбет Салиев

Усенов кеткен күнү президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Элвира Сариева да арыз жазып, анын ордуна Алмамбет Салиев келген.

Турдуназир Бекбоев

Министр сельского хозяйства, мелиорации и пищевой промышленности Турдуназир Бекбоев

Мурунку айыл чарба министри президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иши бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Толгонай Стамалиева

Заведующая отделом информационной политики аппарата президента КР Толгонай Стамалиева

Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Алмазбек Атамбаевдин тушунда эле дайындалган. Жээнбеков президент болуп келгенден кийин өлкө башчынын да маалымат катчысы болуп калды. Эскерте кетсек, Стамалиева Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өкмөттүн маалымат кызматын жетектеген.

Данияр Сыдыков

Посол Кыргызской Республики в Узбекистане Данияр Сыдыков

Сыдыков ШКУ башкы катчысынын орун басары болуп кеткен Айзада Субакожоеванын ордуна — аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп келди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы

Кызматтан 18-декабрь күнү кеткен Алмаз Курманалиевдин орду азырынча бош турат. Ал Коопсуздук кеңешин эки айга чукул жетектеди. Бул арада катчынын биринчи орун басары Адылбек Курбанов кызматынан алынып, ордуна өкмөттүн аппаратында иштеп келген Дамирбек Сагынбаев дайындалды. Дагы бир орун басар Марат Төрөбеков ЖМКлардын маалыматы боюнча кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Эрнист Толтоев

Помощник президента КР Эрнист Толтоев

Былтыркы жылдын 27-ноябрында президенттин жардамчысы болуп Эрнист Толтоев дайындалды. Ал Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү жана премьер-министр кезде да жардамчылык милдетти аркалаган.

Асылбек Кожобеков жана Марат Шайымкулов

Жээнбеков экөөнү тең өзүнө кеңешчи кылып алды. Ушу тапта өлкө башчынын үч кеңешчиси бар. Жеңиш Разаков Атамбаевдин президенттигинде эле аталган кызматка дайындалган.

Адылбек Курбанов

20-декабрь күнү Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурунку орун басары болуп калган Курманов Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп келген.

Толкунбек Абдыгулов

Председатель Национального банка Толкунбек Абдыгулов

Декабрдын башында Кубанычбек Кулматов кайрадан Мамлекеттик бажы кызматына барып, ага чейин ээлеп келген Улуттук банктын төрагалыгына экс-вице-премьер Толкунбек Абдыгулов дайындалган. Эскерте кетсек, Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылга чейин да башкы банкты башкарып келген.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы

Сапар Исаковго кимдер акыл айтат. Премьердин 11 кеңешчисинин милдеттери
19-февраль күнү Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевдин арызын канааттандырган. Ага чейин, 8-февраль күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган кызматтын ишмердүүлүгүн катуу сынга алган.

Редакция буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 100 күн аралыгында эмне жасап үлгүргөнүн карап чыккан.