Радио

Догдурбекова: Парижде өтчү эл аралык кинофестивалга катышам

Жаш режиссёр Парижде өтчү фестивалга катышуусун буга чейинки ийгиликтерине салыштырмалуу чоң жетишкендик деп баалайт
Sputnik
Догдурбекова: Парижде өтчү эл аралык кинофестивалга катышам

Конкурстардагы калыстар тобунун көз карашы ар кандай жана ар бир фильмдин тагдыры алардан көз каранды. Бул тууралуу Мээрим Догдурбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түрлүү сынактарга катышып, фестивалдагы адистер менен таанышуунун өзү чоң жетишкендик.

"Менин тасмам кичинекей бала тууралуу болгондуктан, жаш балдарга арналган фестивалдарга да катышууга укук алып жатам. Буга чейин Кыргызстандан тышкары, Бурса, Прага, Россия сыяктуу чет жердеги фестивалдарга да катышууга жетиштим. Жакында Парижге баруу алдында турам. Ал жактан сыйлык күткөн жокмун. Кинонун жаралган жери болгон Францияга барып, чет мамлекеттик кесиптештер менен таанышып, көп нерсени үйрөнүп келем деген ойдомун", — деди Догдурбекова.

Жаш режиссёр Парижде өтчү фестивалга катышуусун буга чейинки ийгиликтерине салыштырмалуу чоң жетишкендик экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган "Пайгамбарларга рахмат" аттуу эл аралык кино фестивалда кыргызстандык режиссерлор Аскар Нуракун уулу "Тасмага болгон сүйүү" эмгеги менен "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгы", Мээрим Догдурбекова "Бакыт" тасмасы менен "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыган. Ал эми Салтанат Зарнаева "Үй" аттуу киносу менен 3-орунду ээлеген.