Чүйдө адамды сүзүп өлтүрүп алып качып кеткен айдоочу кармалды

Шектелүүчүнүн унаасы айып коргоого киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чүй облусунда төрт күн мурда адамды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалгандыгын Чүй ЖККББсынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 22-февраль күнү саат 21.10дор чамасында болгон.

"Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында белигисиз унаа 40-45 жаштагы азиат тегиндеги адамды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин эле көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде унаанын бамперинин сыныктары калып калган.

Ошто жөө жүргүнчүнүн өмүрүнө забын болуп из жашырган айдоочу изделүүдө
Издөө иштеринин жыйынтыгында Чүй ЖККББсынын жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери Токмок шаарынын 28 жаштагы тургунун колго түшүрүштү.

Учурда шектелүүчүнүн унаасы айып коргоого киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ушул эле Чүй облусунда MAN үлгүсүндөгү бензовоз 12 жашар баланы сүзүп кеткен. Анда 45 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып кагып кеткен өспүрүм Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.