БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата аймактык ооруканасынын хирургу Марип Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттигине бычакташып жаракат алып, өлүп кала жаздаган адамды кантип аман алып калганын айтып берди.
Эске салсак, 21-февралда кечки саат 20:00дөр чамасында Бакай-Ата аймактык ооруканасына 30 жаштагы адам бычактан жаракат алып, оор абалда түшкөн. Аны сактап калуу үчүн хирург Ибраимов Бишкектен дарыгерлер келгичекти 8 саат анын тамырын кармап тургандыгы тууралуу ЖМК өкүлдөрү жазып чыккан.
Хирургдун айтымында, 8 саат адамдын кан тамырын кармап туруу анын 20 жылдык тажрыйбасында биринчи жолу катталган.
"Колу сынган бейтапка операция жасап жатканбыз. Бир убакта оор абалда бир адам келгенин кабарлап, оорукана ызы-чууга түшүп калды. Айла жок ал операцияны убактылуу токтото турууга туура келди. Оор абалдагы адамды карасак жүрөк, өпкөгө кан жеткирүүчү тамырынын капталы кесилип кетиптир. Тамыр толук кесилип кеткенде ал дароо каза болмок. Кан көп кетип жаткандыктан тамырын кармап турууга туура келип, улам кан куюп жаттык. Дароо операция жасаганга да мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби бизде тамыр тиккен атайын медициналык аспап жок болчу. Бишкектен атайын аспаптары менен дарыгер чакыртып ал сегиз сааттан кийин келди", — деди Ибраимов.
Ал эми адам өмүрүн сактап калган 43 жаштагы дарыгер Марип Ибраимов Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну. Сегиз жылдан бери Бакай-Ата аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келет.
Чет жакта адам өмүрүн сактап жүргөн дарыгер мекендештерибиз да жок эмес. Алардын бири Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде эмгектенген Руслан Шаршебаев.