Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон

© Фото / Огузхан МутлуРентгенохирург жана медициналык радиология боюнча адис Руслан Шаршебаев
Рентгенохирург жана медициналык радиология боюнча адис Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Руслан Шаршебаев кесиби боюнча рентгенохирург жана медициналык радиология боюнча адис. Учурда Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде эмгектенет.

18 жылдан бери чет жерде жүргөн Шаршебаев жакынкы арада Кыргызстанга кайтып келерин айтат. Дарыгер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бегимай Бакашева маектешип, анын Түркияга кантип кеткенин жана кандай тоскоолдуктарга туш болгонун билип көрдү.

— Руслан, Түркияга кандайча кетип калдыңыз эле?

— Анкарага 1999-жылы келип, медициналык окуу жайга тапшыргам. Аны аяктагандан кийин Анталияда иштеп жүрдүм. Андан соң Стамбул шаарындагы Медениет университетинин радиология бөлүмүнөн билимимди тереңдетип, Жеррахпаша окуу жайынан рентгенохирургия адистигине ээ болдум. Азыр Стамбул шаарында жашап, иштеп жатам. Келинчегим жана беш жаштагы кызым жанымда.

— Медицинага келип калышыңызга эмне себеп болду?

— Атам Докдурбай Шаршебаев аскер дарыгери. Афган согушуна катышып, медициналык кызматтын полковниги болгон. Бала кезден эле медицинага кызыгуум бар болчу. Атам да дарыгер катары дагы калыптанышыма себепкер болду. Ал менин эң мыкты насаатчым.

© Фото / Элес КадыркуловСегиз жылдан бери чет жерде жүргөн Шаршебаев мекенине кайтууну пландап жатат
Рентгенохирург, специалист по медицинской радиологии Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Сегиз жылдан бери чет жерде жүргөн Шаршебаев мекенине кайтууну пландап жатат

— Түркиядагы медициналык билим берүү биздикинен эмнеси менен айырмаланат?

— Түркиядагы билим берүүнүн эң жакшы жери — мугалимдердин пара албаганы. Медициналык факультетте окуган студент жанталашып окушу керек. Окууга жетишпей жатса, жөн гана университеттен чыгарып коюшат. Мындан корккон студенттер окууга болгон күч-аракетин жумшайт. Кыргыз медицинасынын олчойгон кемчилиги — медакадемиянын студенттеринен пара алуу. Мугалимге акча берген студент окуудан чыгып калам деп коркпойт. Экинчиден, окууга көңүлү чаппай калат. Албетте, Кыргызстанда окуп, мыкты дарыгер болгон кесиптештер жок эмес. Бирок азыркыдай жагдай улана берсе, жакшы адистердин чыгышы күмөндүү болуп калат го.

— Катуу талап менен башка тилде медициналык билим алуу оор болсо керек?

Кыргызстандагы европалык үлгүдөгү биринчи кардиолог Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Ак халатчан "периште": жүрөгү кайра иштеген адам мени көрүп "өлдүм" деп ойлоптур
— Жеңил болгон жок, кыйналдым, ыйладым, күлдүм, жыгылдым, кайра турдум… Ансыз жакшы нерсеге жетпейсиң да. Өзгөчө Түркияга жаңы барган жана ординатурага тапшырып жаткан мезгилдер өзгөчө кыйын болду. Түркия, Америка жана Европанын өлкөлөрүндө ординатура жана аспирантурага тапшыруу үчүн ТУС деген экзаменден өтүшүң керек. Досторумдун үйүндө жатып бир жыл бою ага даярдангам. Визанын мөөнөтү өткөн, чөнтөгүмдө бир тыйын жок… Ошондой оор учурларда чыныгы достор ким экени билинет экен. Азыр айтылуу Майк Тайсондун "сен көтөрүлгөндө досторуң сенин ким экениңди билет, кулаганда досторуң ким экенин сен билесиң" деген сөзүн жакшы көрөм.

— Окулист, терапевт, гинеколог деген ким экенин билебиз. Ал эми рентгенохирург эмне иш кылат?

— Рентгенохирургия медицинанын жаш, бирок тез өнүгүп келе жаткан тармагы. Анын жардамы менен оорулууга жалпы наркозсуз, денени кеспей, өтө кыска убакыттын ичинде операция жасалат. Ошондуктан рентгенохирургия менен улгайган же башка дартынан улам хирургиялык операциялар жасалбай турган адамдарды дарыласа болот. Биз кан тамыр жана теринин алды менен дарылайбыз. Артерияга же күрөө тамырга киргизилген түтүк аркылуу хирург организмдин каалаган жерине экрандан карап туруп операция жасай алат, диагноз коет.

© Фото / Элес КадыркуловРуслан Шаршебаев: Түркиядагы билим берүүнүн эң жакшы жери — мугалимдердин пара албаганы
Рентгенохирург, специалист по медицинской радиологии Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Руслан Шаршебаев: Түркиядагы билим берүүнүн эң жакшы жери — мугалимдердин пара албаганы

— Мындай операциялар Кыргызстанда жасалабы?

— Ооба, жасалып жүрөт. Бирок рентгенохирургиянын дагы деле бир топ ыкмалары колдонулбай келет. Ошондуктан айрым жарандар чет өлкөдөн дарыланууга муктаж. Кыргызстанда рентгенохирургияны өнүктүрсөк мамлекеттин дагы, оорулуунун дагы акчасы үнөмдөлмөк.

Ошондой эле бизде нейрорентгенохирургия менен онкологиялык рентгенохирургия начар өнүккөн. Дүйнө жүзүндө эчактан бери инсульт сыяктуу кан тамыр ооруларына баш сөөктү ачпай эле операция жасалып калган. Бул өзүнө бачак тийгизгиси келбегендер же салттуу операцияга жаш курагы, ден соолугу мүмкүнчүлүк бербегендер үчүн сакайып кетүүнү эң жакшы жолу.

— Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккандар дагы аз эмес. Буларга рентгенохирургиянын жардамы тиеби?

— Ооба, мисалы, онкологияда бүт организмге эмес, шишик турган органдын өзүнө гана химиялык терапия жасаса болот. Мында дары-дармекти шишикке азык берип турган кан тамырга гана коюшат. Бул ыкма боор рагында жана балдардын көз рагында өтө таасирдүү. Ал эми метастаза жок болгон учурда радио толкундардын жардамы менен шишикти алып салса, толук сакайып кетүүгө шарт түзүлөт.

— Өнүккөн өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер мекенине аз айлык гана эмес, заманбап шарттар жоктугунан келбей жатканын айтышат…

Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
— Бизде жаш дарыгерлерге тоскоолдуктар көп. Мисалы, мамлекеттик ооруканаларда жердешчилик күч алган, улуу муун ар дайым үстөмдүк кылат. Анан албетте, алсыз экономика, аз айлык дагы чет өлкөгө кетүүгө түрткү болот.

Анткен менен бардык нерсе адистин өзүнөн көз каранды деп ойлойм. Чындап керектүү адис болсоң, бардык жерде жумуш табылат. Мамлекеттик ооруканада иштегиң келбебе, сопсонун шарттары бар жеке клиникалар толтура. Мисалы, Түркиядан мыкты окуу жайларды аяктап, бул жакта жыргап-куунап жашагандын ордуна Кыргызстанга кызмат кылам деп кеткен кесиптештерди мисал кылсам болот. Лор-хирург Марлен Маманов Ош шаарында иштеп жатат. Кардиолог Дамир Осмонов Бишкектеги жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери, балдар кардиологу Данияр Аматов, европалык үлгүдөгү пластикалык хирург Айнура Сарыбаева да гы биртоп ийгиликтерди багындырып жүрүшөт. Булардын баары Түркияда 4 миң доллардан 10 миң долларга чейин айлык алып, үй-бүлө мүчөлөрү акысыз медициналык камсыздоого алынып, эч нерсеге башын оорутпай жашашмак. Бирок мунун ордуна алар мекенине кызмат кылабыз деп чечишти, ыраазычылык гана билдириш керек.

© Фото / Огузхан МутлуКесиптеши менен
Рентгенохирург, специалист по медицинской радиологии Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Кесиптеши менен

— А сиз келесизби Кыргызстанга?

— Албетте барам. Ушул же келерки жылы кетсемби деп пландап жатам. Анткени өмүрүмдүн көбүрөөк бөлүгүн чет жерде жүрүп өткөрдүм, мекенге кайтып, ал жакта иштөөгө убакыт келди окшойт.

— Кыргызстанда рентгенохирургга керектүү бардык жабдуулар барбы?

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
— Бар. Рентгенохирургияга керектүү жабдуулар булар — ангиограф, допплерография, заманбап УЗИ, тери, кан тамырлар менен иштөөгө керектүү радиотолкундуу аппараттар. Алардын ичинен эң маанилүү жана кымбаты — ангиограф.

— Жылуу-жумшак, мыкты жабдуулар менен камсыздалган ооруканаларда иштеп жүрүп, Кыргызстандын бейтапканаларына киргенде кандай сезимдер болот?

— Чындап эле биздин көптөгөн ооруканаларыбыздын эскилиги жетти, баарын оңдош керек. Бирок акыркы жылдары көп тармактуу ооруканалардын курула баштаганы кубандырат. Жеке клиникалардын көбөйүп жатканы дагы көңүл жылытат. Бул жагынан кыргыз өкмөтүнө жана саламаттык сактоо министрине ыраазычылык айтыш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0