БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Түштүк Кореяда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев 63-орунду ээледи.
Жалпысынан 110 лыжачы жарышмак, бирок алардын 109гу катышкан. Оюндардын эрежесине ылайык спортчуларга эки мүмкүнчүлүк берилет. Бирок биринчисинде финишке жетпей калгандар, экинчи жолку жарышка катыша албайт.
Биринчи жолку жарышта Тимофеев 92-номер менен чыккан. Ал трассаны 1 мүнөт 20,9 секундда багындырып, 72-орунду ээлеген.
Ал эми экинчи жолку жарышта аралыкты 1 мүнөт 20,1 секундда багындырып, 75 спортчунун ичинен 63-болуп келген.
Австриялык лыжачы Марсель Хиршер трассаны 1 мүнөт 8,27 секундда басып өтүп, алтын медалды илип кетти.
Кыргызстандын намысын алыскы Түштүк Кореяда дагы бир спортчу Тариэл Жаркымбаев коргоду. Ал аралыкты 4 мүнөт 5,99 секундда багындырып 78-орунду ээлеген.