Абайлаңыз! Интернетте негизсиз сын айткандарга 20 миң сом айып салынышы мүмкүн

Демилге КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев тарабынан көтөрүлүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Интернетте негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салынат. Аталган норманы камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралгандыгын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, демилгени КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев көтөрүүдө.

"Интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынуучу айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек", — деп жазылат маалыматта.

Талкуу соңунда Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Наталья Никитенко каршы добуш берсе, комитеттин калган мүчөлөрү аны колдоп, мыйзам долбоору жактырылды.

Эскерте кетсек, Freedom House уюму тарабынан жыл сайын белгиленчү "Интернеттеги эркиндик" рейтингинде Кыргызстан 22-орунду ээлеген.