Кыргызстандык Акжол Сулайманбек уулу колумбиялык мушкердин сазайын берди

Мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Куба, Украина жана Колумбиядан келген 24 спортчу ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу онунчу профессионалдык беттешинде дагы жеңишти камсыздады. 

"Extra Round 6" аталышындагы эл аралык турнир 13-февралда Екатеринбург шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Куба, Украина жана Колумбиядан келген 24 спортчу ат салышкан.

Боксчу Малабеков атаандашын боорго согуп боортоктотту. Беттештин видеосу
Кыргызстандык Акжол Сулайманбек уулу 59 килограмм салмакка чейинки категорияда колумбиялык мушкер Девис Перез менен беттешип,аны 4-раундда техникалык нокаут менен жеңди. Муну менен ал профессионалдар арасындагы онунчу жеңишин камсыздай алды.

Андан сырктары, аталган турнирге Кыргызстандын атынан Эржан Тургумбеков дагы катышып, россиялык Владислав Хоритонцевди утуп профессионалдык беттешин жеңиш менен баштады.

Эске сала кетсек, Акжол Сулайманбек уулу буга чейин профессионалдар арасында тогуз ирет беттеш өткөрүп, бир да жолу утулган эмес.

Ал бокс боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону. Спортчу 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантып келет.

Чет өлкөдө машыгып, ал жакта профессионалдар арасында беттешип жүргөн спортчунун маегин окуңуздар.