Грэпплинг боюнча өлкө биринчилигинде Азия чемпионатына катышчулар тандалат

Мелдеште салмактын 8 түрү боюнча балдар, 4 категорияда кыз-келиндер күч сынашмакчы
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 22-февралда Бишкекте грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.

WEF Global 11 турниринде кимдер кыл чайнашат? Мушкерлердин файткарды
Мелдеште 8 салмак категориясы боюнча балдар (62, 66, 71, 77, 84, 92, 100, +100), 4 категорияда кыз-келиндер күч сынашат (53, 58, 64, 71).

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр Азия чемпионатына катышат. Грэпплинг боюнча Азия биринчилиги 5-мартта борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Мелдешти Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму (UWW), КРдин Грэпплинг федерациясы жана олимпиадалык эмес спорт боюнча дирекция уюштуруп жатат.

Ал эми Азия чемпионатын жеңип чыккандар 18-августта Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына катышат.

Эске сала кетсек, 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Маанилүү мелдешке даярдануу үчүн КРдин эркин күрөш боюнча курама командасы Казакстанда машыгуу өткөрөт.