Министрлик окуучулардын жазгы каникулунун мөөнөтүн бекитти

Кышкы каникул узартылганына байланыштуу окуу планына кошумча сабактар киргизилет
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мектептериндеги окуу акыркы коңгуроодон кийин дагы уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстанда орус тилдүү мектептерге барган окуучулардын саны эмнеге өсүп жатат
Мындай өзгөртүүлөр катуу суукка байланыштуу кышкы каникулдун узартылганына байланыштуу экени айтылат. Жаңы расписаниеге ылайык, окуучулар төмөнкүчө эс алышат:

Жумасына беш күн окугандар — 21-30-март аралыгында эс алышат. Кышында эс алгандыктан 1-марттан 17-мартка чейин ишемби күндөрү окушат.

Жумасына алты күн окугандар — 26-марттан 30-мартка чейин эс алышат. 26-30-май күндөрү сабак өтүлүп, кышкы эс алуудагы күндөр толукталат.

Кыргызстандагы катуу сууктан улам 26-январдан тарта мектептер каникулга тараган, Кийинчерээк эс алуу 3-февралга чейин узартылган.