Баткенде туристтерге кам көрүүнүн стандарттары сунушталат

Семинарда Баткендин меймандостугу менен туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү, шарттары, өзгөчөлүктөрү жана бул багыттагы келечеги талкууланат
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. "Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондусу" 8-9-февралда Баткен облусунда аталган аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн талкуулаган семинар өткөрөт. Бул туурасында аталган фондудан кабарлашты.

Ага жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Туризм боюнча департаменттин директору Азамат Жаманкулов жана аймактагы райондун демилгелүү жашоочулары катышмакчы.

Семинарда Баткендин меймандостугу менен туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү, шарттары, өзгөчөлүктөрү жана бул багыттагы келечеги талкууланат.

Кыргызстан туризм боюнча түзүлгөн рейтингде алдыңкы 5 өлкөнүн ичине кирди
Эксперттер туристтерди тосуп алуунун негиздери, эл аралык стандарттар, конок үйлөрдүн көрсөтүш керек болгон кызматтары, дагы башка бир топ керектүү кеңештерди айтып беришет. Иш-чарада конок тосуунун, тамак-аш берүүнүн, туристтер жаткан бөлмөлөрдү тазалоонун стандарттары, алардын талаптары, санитария тууралуу зарыл болгон маалыматтар берилет. Андан сырткары, үлгү боло турган мисалдар келтирилип, киреше менен чыгашаны эсептөөнү үйрөтүшөт.

Экс-президенттин фондусунан бул семинар-окутуу Баткен облусунда туристтер келип жайбаракат эс ала турган, керектүү шарттары бар конок үйлөрүнүн ачылышына мүмкүнчүлүк жаратып берет деген ишенимде экендигин айтышты.

Кыргызстанга келген туристтер үчүн жол картасы болгон материал менен таанышып, эс алууга кышында болжол менен канча, жайында болжол менен канча каражат кетерин билсеңиз болот.