Бишкектеги көп кабаттуу эски үйлөрдө жылуулук берүүчү система тоңуп жатат

29-январда энергетиктер үйлөрү суук болуп жатканына арызданып, 79 ирет кайрылган
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы көп кабаттуу эски үйлөрдө жылуулук берүүчү система тоңуп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкек жылуулук тармагынан" кабарлашты.

Алар ызгаардуу сууктан улам жылуулук чатыр аркылуу келген эски үйлөрдө түтүктөр тоңуп, маселе жаралып жатканын айтышты.

"Кеп көп кабаттуу эски үйлөр туурасында болууда, себеби жылуулук берүүчү түтүк чатыр аркылуу келет. 29-январда шаардыктардан 76 арыз түшүп, алар бир ооздон үй сууктап жатканын айтышты. Биздин жумушчулар барып, тоңуп калган түтүктөрдү газ баллондор менен кактап жылытып жатышат. 41 арызды алып. Жерине барып. Жылытып бердик", — деп айтышты аталган ишкананын маалымат кызматынан.

Калган арыздар боюнча иш алып барылып, учурда жылытуучу 12 бригада иштеп жатканын айтышты.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.