Суу азайып кеткен. ТЭЦтеги авариянын болжолдуу себеби айтылды

Шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү үчүн температура акырындап жогорулатылары белгиленди
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкектин ТЭЦиндеги авария суунун жетишсиздигинен келип чыкты. Бул алдын ала айтылган жыйынтык экенин маалымат жыйында "Кыргызстандык улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчи орун басары Нурлан Садыков билдирди.

Анын айтымында, энергетиктер ар бир эки саат сайын температуралык режимди көтөрүүгө аракет жасап жатышат.

"Азыр эле көйгөйдүн баары чечилип калат деп айтуудан алысмын. Бирок шаар тургундарын жылуулук менен камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Ооба, азыр көсөткүчтөр өз нормасынан төмөн болуп жатат. Кошумча жабдуулар бар, температураны акырындап көтөрөбүз. Бирок бул үчүн убакыт керек", — деди Садыков.

Ымыркайлар үшүп калган жокпу? Балдар, төрөт үйлөрүндөгү абал кандай
Ал температуранын төмөндөшүнөн химиялык цехтерде турган ири казандардагы суунун азайып кеткенин айтты.

"Бир насос иштебей калган, мындан улам суу азайып кеткен. Бирок бул алдын ала айтылган себеби. Ушу тапта авария эмнеден улам келип чыкканын иликтөөчү атайын комиссия иштеп жатат", — деди Садыков.

Мындан тышкары, шаарда жарык жапырт өчпөгөнүн, электр энергиясы айрым жерлерде гана үзгүлтүккө учураганын кошумчалады. Садыковдун айтымында, учурда бригадалар тынымсыз иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.