БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. КРдин Россиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык кокустуктан улам каза болгонун тастыктады.
Ага ылайык, Россия ИИМинин Санкт-Петербургдун Фрунзе району боюнча башкармалыгы 1980-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.Д. каза болгонун ырастаган. Каргаша 19-январда киши автобусту оңдоп жатканда болгон.
Элчилик маркумдун жакындарына зарыл болсо сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн жардам берүүгө даяр.