Россияда төрт жылдан кийин айдоочусу жок таксилер ишке кириши күтүлүүдө

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси
Такси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада ушул тапта эксперименттин алкагында "Яндекс" компаниясы сыналып жатат. Бирок унаалар коомдук жолдордо эмес, жабык аймактар менен полигондордо тестирлөөдөн өтүүдө.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Москвада төрт жылдан кийин алгачкы жолу айдоочусу жок автономдуу таксилер пайда болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Алексей Семеновго шилтеме берүү менен "Известия" билдирди.

"Бул ишке кызыкдар мекеме жана компаниялардын (Транспорт министрлиги, Ички иштер министрлиги, Өнөр жай жана соода министрлиги) сунуштамаларынын негизинде иштеп жаткан планды жүзөгө ашыра баштасак, менимче, 2024-жылы айдоочусу жок таксилер кызмат көрсөтүп баштайт", — деген Семенов.

Россияда обочолонуу учурунда таксисттердин 93%ы кирешеден кол жууган

Москвада ушул тапта эксперименттин алкагында "Яндекс" компаниясы сыноодон өтүп жатканы кошумчаланды. Бирок федералдык мыйзамга ылайык, автономдуу унаа шоферу жок коомдук жолдордо жүрө албайт. Жабык аймактар менен полигондордон тестирлөөдөн өтүүдө. Мындай таксилерге оор кырдаалда, анын ичинде аварияга учурап же бузулуп калганда инженер-операторлор жардамга келери айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0