"Вектор" COVID-19га каршы вакцинанын сынала башталчу күнүн айтты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүү"Вектор" вирусология борбордун кызматкери жумуш учурунда. Архив
Вектор вирусология борбордун кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург өзү жана борбордун вакцинаны иштеп чыккан кызматкерлери эмделип, аларда коргоочу антилелолор пайда болгонун билдирген.

БИШКЕК, 26-май. — Sputnik. Роспотребнадзордун алдындагы "Вектор" вирусология борбору коронавируска каршы вакцинаны июндун аягында клиникалык сыноодон өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу борбордун башкы директору Ринат Максютов "Известия" гезитиндеги маегинде айтканын РИА Новости жазды.

Анын пикиринде, бул мезгилге чейин жаныбарларга жасалган тесттин жыйынтыгы чыгат. Андан кийин клиникалык сыноого Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты күтүлмөкчү.

Максютов вакцина жапырт колдонулар алдында лабораториялык сыноолордон өтүп, өндүрүлүп, дары-дармек формасында болуп калууга тийиш экенин белгиледи. Андан кийин бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүп, каттоодон өтөт.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДССУ коронавируска каршы препаратты сыноону токтотту. Аны КР дагы алган
Буга чейин Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург өзү жана борбордун вакцинаны иштеп чыккан кызматкерлери эмделип, аларда коргоочу антилелолор пайда болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, коронавирустан сакайтчу вакцинаны иштеп чыгуу боюна бир катар өлкөлөрдө иштер жүрүп жатат. Ал эми Гинцбергдин айтымында, россиялыктар жапырт эмдөөдөн күздүн башынан тарта өтүшү мүмкүн. Процедура алты айдан тогуз айга чейин созулушу болжолдонууда.

Жаңы коронавирус алгачкы жолу декабрь айынын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Марттын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия жарыялаган. Бүгүнкү күндө коронавирусту 5,3 миллион киши жуктуруп алса, анын 343 миңи каза тапканы белгилүү.

Россияда 353 427 учур катталып, анын 118 798и айыгып чыкты. Ал эми 3633 бейтап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0