Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди

© AFP / JORGE GUERREROКүндөн коргонуп жаткан кыз. Архив
Күндөн коргонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар синоптиктер аба ырайы адаттагыдай эле Нарын облусунда башкалардан айырмаланып салкыныраак болорун айтышты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстанда май айында кээ аймактарда ысык 31 градуска жетсе, тоолуу жерлерде ...-2 градуска чейин түшүшү ыктымал. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Чүй

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, +17...+19 градуска чыгат. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 12…14 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11 градустан +12...+17 градуска чейин, күндүз +18…+23төн +25...+30 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде күндүз температура +23...28+ градуска чейин жетиши мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Талас

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1…+2 градус жогору болуп, +15…+17 градуска чыгат. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 жана +9...+14 градустун тегерегинде болот. Ал эми күндүз термометр +17...+22ден баштап +24...+29 градуска чейин көрсөтөөрү айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Ош жана Жалал-Абад облусу

Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамгыр жаап күн күркүрөйт. Бир жумага карата аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп +17…+19 градус, тоо этектериндеги райондордо +14…+16 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11 жылуулуктан +12...+17 градуска чейин жетери айтылды. Ал эми күндүз +19…+24 градустан +26...+31 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын күндүзгү температурасы +15...+20дан тарта +23...+28 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу мүмкүн.

Ысык-Көл

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +11…+13 градус жылуу болушу күтүлүп жатканын айтышты. Ай ичинде абанын температурасы күндүз +9…+14 градустан тарта +16…+21 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүндүгүн айтышты.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0...-2 градуска жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүшү ыктымалы 40-60 пайызды түзөт). Абанын күндүзгү температурасы +13...+18ден тарта +21...+26 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0