Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстанда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Таласта +22…+27 градус ысык болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +23…+28 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +18…+23 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ошто +26…+28 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0